«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын курамына кирген бир мандаттуу округдардан 14 депутат «Мекенчил» тобун түздү. Бул тууралуу 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Депутат Жаныбек Абировдун айтымында, топту депутат Элмурза Сатыбалдиев жетектеди.