Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан алынган Русланбек Акылбеков Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышууда.
Ал депутаттарга бүгүн кызматтан алынганын айтты. Анын айтымында, ал өз каалоосу менен кеткен. Русланбек Акылбеков белгилегендей, анын жанында отурган жаңы вице-мэр Таалайбек Орозов азырынча маалыматтарды билбейт. Ошондуктан ал маалымат берет.
Мындан тышкары, жыйында коомдук транспорттун жол акысын жогорулатуу маселеси талкууланууда.