Доллар көтөрүлүп, рубль ылдыйлап, бир аптадан бери валюталык рынокто абал туруксуз. Эл эртеңинен эмнени күтөрүн билбей турат. Мындай жагдайда өкмөт чукул түрдө кандай чараларды көрүшү керек? SUPERTV ушундай суроо менен депутаттарга кайрылды.
Депутат Нурлан Шакиевдин айтымында, Министрлер кабинети каатчылыкка каршы план иштеп чыккан. Бирок эл өкүлү эмненин негизинде иштелип чыкканын билберин айтты. «Азыр чакырып, ошону сурайлы деп жатабыз», — деди ал. Ал учурда доллар менен иштегендерге оор болуп жатканына да токтолду.
Эл өкүлү президенттин алтын сатып алууга чакырганын жаман сунуш деп эсептебей турганын айтты. «Түшүнгөндөр, билгендер өзүлөрү жыйынтык чыгарат. Мен да алтын саткан жерде кезекке тургандар көп экенин уктум», — деди ал.