Кечээ, 12-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагаларын шайлоо маселеси талкууланды. Алгач депутаттар бүткүл комитет режиминде иш алып баруу менен сунушталган депутаттардын талапкерлигин карап, колдоого алышты. Андан соң сунушталган талапкерлерге жалпы жыйында добуш берилди.
Жыйынтыгында:
- Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына Медербек Алиев;
- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына Жанарбек Акаев;
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Аманкан Кенжебаев;
- Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымдыгына Динара Ашимова;
- Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагалыгына Азизбек Турсунбаев;
- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына Бактыбек Сыдыков;
- Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Данияр Төлөнов;
- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Сүйүнбек Өмүрзаков шайланды.