Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул конституциялык мыйзамдын максаты шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:
1. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.
Мындан тышкары, бул конституциялык мыйзам “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Буга байланыштуу, конституциялык мыйзамдын 50-берененин 3-бөлүгүндө “35 жаштан төмөн эмес” деген сөздөр “добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан” деген сөздөргө алмаштырылган.