Ишемби, 25.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Саке Сокенин ишин улантып жатабы?». Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликке кайрылуу жасады

18:14 30.08.2021
0
«Саке Сокенин ишин улантып жатабы?». Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликке кайрылуу жасады

Бүгүн, 30-августта Эгемендүүлүк күнүн утурлай экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликке кайрылуу жасады. Аны «Социал-демократтар» партиясы таратты.

«Урматтуу мекендештер! Эгемендүүлүк алгандан бери отуз жыл өттү. Бул жылдар аралыгында биздин өлкө көптөгөн сыноолордон өттү. Отуз жылдын ичинде элдик көтөрүлүштүн натыйжасында бийлик үч жолу алмашканын айтсак эле жетиштүү. Бүгүн дагы азыркы бийлик мөөнөтүнүн аягына чейин тынч отурат деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул бийликке да суроо көп…

Азырынча мен кандайдыр баа бергим келбейт. Мен өзүм убагында көптөгөн каталарды кетиргем… Бирок жалпы эл шайлаган президенттердин ичинен мен гана мөөнөтүмдү тынч аяктап, тынч жол менен кийинки башчыга бийликти өткөрүп бергем. Мени эл Ак үйдөн кууп чыккан жок, тескерисинче дагы иштеп берсе деген ою бар болгон…

Душмандарым мени канчалык каралашпасын, отуз жылдын ичинде Кыргызстанда жасалган жакшы иштердин бир тобу мен мамлекетти жетектеп турган жылдарда жасалды. Президент Садыр Жапаров туулган айылына барганда, Боом аркылуу өтүүчү жолдун канчалык кооптуу жана тар экенин эстеди деп үмүттөнөм. Жолдон Кемин подстанциясын, Тамчы эл аралык аэропортун, Өрнөктөгү көчмөндөр цивилизациясынын музейин, Бостериден өтүп ат майданды жана спорт борборун көрсө керек. Өкмөт үйүнөн чыгып баратып, улуу Манас атабыздын жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтеринин жанынан өтүп, байкаган чыгар. Алар да менин демилгем менен орнотулган.

Өлкөнүн ар бир аймагында көп жакшы иштер жасалган. Аларды эл дагы деле эстейт деген үмүттөмүн. Бир гана мектептерди айтсам, үч жүзгө жакын жаңы мектеп курулган… Бул көбүнчө өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүшүнө негизделген — мен жетекчилик кылган жылдары өлкөнүн ИДПсы дээрлик эки эсеге өскөн. Бул жылдар аралыгында 550 миллион доллар тышкы карызды кечүү жана 3,5 миллиард доллар өлчөмүндө гранттык жардам алып келүү да мүмкүн болгон.

Бирок ошол жылдардагы ийгиликтер каражаттан гана эмес, тескерисинче, элдин өз өлкөсүнө, өз журтуна ишенгенинен келип чыккан. Жана, албетте, ошондо өткөрүлүп баштаган Көчмөндөр оюндары элге дем берип, күч берип, духун, ишенимин көтөргөн. Кыйын мезгил болсо да, акча тартыш болсо да, Көчмөндөр үчүн каражат тапканбыз. Анткени элге дух, күч, ишеним бериш керек болчу! Оюндарды башкаларга, ал тургай бир боор элдерге өткөрүп берүү — бул чоң ката, кылмышка тете ката! Ондогон өлкөлөр катышкан Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын командасы мелдештерде утуп жатканы абдан маанилүү болчу! Ар бир ийгилик, ар бир жеңиш биз үчүн маанилүү болчу!


Өзүңөр күбө болдуңар: жакында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында биздин балбандардын жеңиштери кыргыз элин канчалык бактылуу кылды, дем берди.

Ошол жылдары Алтай цивилизациясынын концепциясы жана андагы байыркы кыргыздардын ролу биринчи жолу түзүлгөн. Бүткүл өлкө боюнча көрнөк-жарнактар илинип, аялдардын улуттук кийимдеринин диний кийимге салыштырмалуу кооздугу баса белгиленди. «Ислам жана азыркы заман» эл аралык форуму өтүп, анда ар бир улуттун өзгөчөлүктөрүн сактоонун абдан керектиги баса белгиленди. «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» мыйзам менен бекитилди.

“Ата Бейит” мемориалдык комплексинин концепциясы жактырылып, бүтүндөй комплекстин башталышы жана эң бийик жери катары 1916-жылкы көтөрүлүштүн курмандыктарынын урматына салынуучу мемориал бекитилди жана салынды. Биз региондогу 1916-жылдагы каргашалуу окуяларды эскерүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар өткөргөн жалгыз өлкө болдук. Биз муну менен сыймыктанганбыз. Анан, албетте, бир күнү таланттуу сүрөтчү Таалай Усубалиевдин сүрөтүндөгү мемориалдын фону жана «Ата бейит» деген сөздөрү көрүүчүлөрдө кыргыздын муңдуу тарыхы эмес келечеги жөнүндө кайгылуу ойлорду жаратат деп түшүбүзгө да кирген эмес. Сүрөтчүнүн бул чыгармасы эл ичинде “Кыргызстандын жаназасы» деп аталышы, менимче, бийликтегилерди терең ойго салышы керек. Бул элдик пикир жаңы бийлик мамлекетти он ай гана башкаргандан кийин эле пайда болгону, көптөгөн адамдар жакшы жакка өзгөрүүлөргө үмүтүн үзүп, өлкөнүн келечеги бар экенине ишенбей баратканын далилдеп жатат… Бул сүрөттө Садыр Жапаров мурдагы президенттердин катарында эң акыркысы болуп турат. Демек жаназаны ал өткөрөбү? Кыргызстанды ал көмөбү? Эмнеге элде ушундай ой, пикир пайда болду? Балким, президент ойлоноор маал келди? Туура жолду тандадыбы? Өлкөнү туура багытта алып бара жатабы?

Жаңы бийликке чындыктын жана адилеттүүлүктүн жолу керекпи же калптын жана эки жүздүүлүктүн жолу керекпи? Миң тонна Кумтөр алтыны чоочун колго өтүп кеткенине ким күнөөлүү? Түрмөдө отургандарбы же президент мамлекеттик резиденцияда урмат-сый менен тосуп алгандарбы? 9-октябрдагы баш аламандыкты ким баштаган? Тынч митингге келгендерби же аларга таш ыргытып тапанча менен аткандарбы? Же, балким, алардын артында туруп, көмүскө башкарган, азыр болсо мамлекеттик резиденцияда Садыр Жапаров менен жашап жаткандарбы? 

Эмне үчүн Соке менен бирге өлкөнү Октябрь окуясына алып келгендер бүгүн мурдагыдай күч органдарын да, өлкөнүн экономикасын да башкарып жатышат? Эми алар өлкөнү кайсы аңга алып барышат? Эмне үчүн кылмыш иштер 5-октябрда элге ок атууга буйрук бергендерге эмес эл менен чогуу аянтта жүргөндөргө козголуп жатат? Же Саке Сокенин ишин улантып жатабы?.. Ушундай суроолор элде көп… Мунун баарын президент чын жүрөктөн түшүнүүгө аракет кылса болот, же көздү жумуп, Сокеге окшоп «фактыларды бергиле…» деп кайталай берсе да болот. Бирок жумулган көз менен келечекке жол табуу кыйын…

Урматтуу мекендештер! Сөзүмдү айтылуу Ата бейитте эл окусун деп өзүм тандап ташка чекчейтип чактырган ыр саптары менен аяктагым келет:
Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз,
Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,
Чөп болдук жер тандабай өсө берген,
Булуттай аалам кездик, чачылдык биз,
Кырылып бара жатып тирилдик биз,
Бөлүнүп бара жатып бириктик биз!..
***
Майрам куттуу болсун, мекендештерим! Жашасын эгемендүү Кыргызстан!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча депутат Жумабеков дипломаттык түрдө чечүүнү талап кылды

Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча депутат Жумабеков дипломаттык түрдө чечүүнү талап кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:08 22.04.2026
0

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык-экономикалык багыттагы актуалдуу маселелер козголду. Депутат Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Түрк «Манас» университетине байланыштуу жагдайды көтөрүп, окуу...

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев ант берди

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев ант берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:03 22.04.2026
0

Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Жеенчороевдин ант берүү аземи болуп өттү. Белгилей кетсек, ал...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

12:20 24.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Алайдагы окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүк боюнча министрлик үн катты

14:59 24.04.2026
«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

15:06 24.04.2026
Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

17:18 24.04.2026
Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Айыл чарба министринин орун басары: "Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда"

16:04 24.04.2026
«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

15:06 24.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү