Кечээ, 11-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын калкын жана турак-жай фондусун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.
Анын жүрүшүндө Арзыбек Кожошев Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен «Альфа Телеком» ЖАКтын Жалал-Абад облусунун айрым айылдарын 4G форматындагы интернет байланышы менен камсыздоо боюнча ишин сынга алды. «Бардык ишке тартылган мамлекеттик органдардын бирдиктүү координацияланган иши болушу керек. Жумуш күнүнүн аягына чейин бардык техникалык көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды киргизүүгө убакыт берем», — деди ал.