Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын районундагы иш сапарынын алкагында Эмгекчил айылында жайгашкан Т.Байбураев атындагы мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Аталган мектеп эки окуу имаратынан туруп, бири 1974-жылы салынган. Азыркы тапта жараксыз абалда, имаратты жаңылап куруу зарыл. Ал эми экинчиси 1988-жылы ишке берилип, учурда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Буга республикалык бюджеттен 3 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 4 миллион сом каралган. Жалпы 668 окуучу билим алып жаткан мектептин эки корпусун тең көрүп чыккан төрага жаңы имарат куруу маселесин карап чыгууну тиешелүү жетекчилерге табыштады.
Агартуучулардын ишине керектүү шарттарды түзүү да негизги маселелердин бири экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Айрыкча айлык маяналарды жогорулатуу менен катар жаш адистерди тартуу жана алардын ийгиликтүү иштөөсүнө колдоо көрсөтүү да башкы максатыбыз. Жогорку Кеңеш бул жаатта көтөрүлгөн бардык демилгени колдойбуз”, – деди.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...
Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык-экономикалык багыттагы актуалдуу маселелер козголду. Депутат Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Түрк «Манас» университетине байланыштуу жагдайды көтөрүп, окуу...
Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Жеенчороевдин ант берүү аземи болуп өттү. Белгилей кетсек, ал...
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзамдын...