Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны оптималдаштырылды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана оптималдаштыруусун жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында мындай чечим кабыл алынган. Чечимге ылайык, президенттин администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскарып, 259 адамды түзгөн.
Жүктөлгөн функцияларды рационалдуу аткаруу максатында айрым түзүмдүк бөлүмдөр кайра түзүлдү жана бириктирилди, бир катар кызматтар жоюлду. Ошону менен бирге бошотулган штаттык бирдиктердин эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө иштин абалына ар тараптуу талдоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр күчөтүлдү.