Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, ошондой эле Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасында бардык уюштуруу иштери аяктады, ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн 30 миллион сом мамлекеттик насыя алынган, дары-дармек каражаттарын өндүрүү боюнча алдыңкы жети чет өлкөлүк завод менен түздөн-түз келишимдер түзүлдү.
Бүгүнкү күндө аталган чара өлкөдөгү дары-дармектерге болгон муктаждыктын 10 пайызын жабууга мүмкүндүк берет, ошону менен үнөмдөө 115 миллион сомду түзөт. Инсулин, онкологиядагы препараттар, кургак учукка каршы жана башка дарылар сыяктуу турмуштук маанилүү дарыларды жеткирүүгө контракттар түзүлгөн. Келечекте дары препараттарын жеткирүү боюнча башка чет өлкөлүк заводдор менен кызматташтыкты кеңейтүү жана жаңы контракттарды түзүү пландаштырылууда.
Баяндаманы угуп, мамлекет башчысы «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен 1 миллиард сом каражат бөлүнбөгөнүнө абдан нааразы болду. Садыр Жапаров белгисиз себептерден улам каражат бөлүүнү создуктуруп жаткан Каржы министрлигин, Саламаттыкты сактоо министрлигин жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алды.
«Казынада акча жок болсо, мен дагы түшүнмөкмүн, бирок бош акча каражаттары бар да, биз аны алгач ушул мамлекеттик ишканага бөлүп берүүнү пландаганбыз. Эмне үчүн силер тоскоолдук кылып, алардын нормалдуу иш башташына жол бербей жатасыз. Алар жети гана дары чыгаруучу завод менен келишим түзүшүп, муктаждыкты 10 пайызга гана жапты, бирок тапшырма 100 пайыз, деп берилген. Бирок ошондо да үнөмдөө 115 миллион сомду түзөт. Бул эмне жаманбы? Биз мамлекеттик дарылоо мекемелерин, калкты жеткиликтүү баадагы дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча мамилени толугу менен өзгөрткүбүз келет. Өндүргөн заводдордон түз жеткирүүлөрдү ишке ашыруунун эсебинен медициналык препараттардын наркынын төмөндөшүн күтүп жатабыз, бирок силер өз аракеттериңер менен бул процессти эртелетпей, жайлатып жатасыңар. Мамлекеттик ишканага шашылыш түрдө 1 миллиард сом бөлүп берүү үчүн силерге бир жумалык мөөнөт берилет», — деди мамлекет башчысы, эгер аткарылбаса, тартиптик мүнөздөгү катуу чаралар көрүлөрүн айтты.
Садыр Жапаров эскерткендей, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү саламаттык сактоо тармагындагы системалык реформалардын бир бөлүгү болуп саналат жана мамлекеттик саясаттын башкы максаттарынын бири – дары-дармектер рыногундагы фармациялык мафияны жоюу, дарынын калк үчүн баасын төмөндөтүү, ошондой эле медициналык препараттардын тартыштыгына жол бербөө болуп саналат.