Бейшемби, 15.05.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын окуу-машыгуу борбору ачылды (сүрөт)

17:03 04.06.2022
0
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын окуу-машыгуу борбору ачылды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

УКМК кызматкерлеринин алдындагы сөзүндө мамлекет башчысы бүгүнкү күндө дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ар бир мамлекет тыкыр байкоо салып жатканын белгиледи. Борбор Азия мейкиндигиндеги жана жалпы эле дүйнөлүк акыбалга жүргүзүлгөн талдоолор көрсөткөндөй, Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды нугунан чыгарып, туруксуздаштыруу ниетин көздөгөн эл аралык террористтик, диний экстремисттик уюмдар, баӊгизат трафигиндеги жана транс-улуттук кылмыштуу топтор мамлекетибиздин коопсуздугуна күтүүсүз коркунучтарды жаратышы толук ыктымал.

Президент аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаал, заманбап чакырыктар жана коркунучтар бийликтен өлкөдө улуттук коопсуздукту жана социалдык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чечкиндүү жана ырааттуу чараларды көрүүнү талап кылып жатканын  белгиледи. Ошондуктан, аскер бөлүктөрүнүн жана атайын багыттагы аскерлердин күжүрмөн даярдыгын такай кармап туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн чыңдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Садыр Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо максатында заманбап курал-жарактар, күжүрмөн техникалар сатылып алынып жатканын эске салды.

Мамлекет башчысы терроризм жана башка кылмыштуу жосундар менен күрөшкөн атайын түзүмдөрдүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле өлкөнү террорчулардан коргоону жакшыртуу жана күчөтүү максатында бардык эл аралык талаптарга жооп берген Окуу-машыгуу борборун түзүү зарылдыгы келип чыкканын белгиледи.

“Мындай борборлор чет өлкөлөрдүн жана коӊшу мамлекеттердин атайын кызматтарында бар экенин билесиздер. Өткөн жылы жогоруда аталган азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарын эске алып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин демилгеси менен жаӊы окуу борборунун пайдубалы түптөлгөн. Бүгүн мына ал борбордун курулушу бүтүп, пайдаланууга берилип отурат”, — деди ал. Ошондой эле, бул жерде кызматкерлердин тажрыйбасын такшалтып, толук кандуу машыгып, дасыккан адис болуп чыгышына зарыл шарттар түзүлүп, тийиштүү материалдык-техникалык база менен жабдылганын кошумчалады.

Андан соң, Садыр Жапаров окуу-машыгуу борборунун курал-жарактары жана казармасы менен таанышты.

 

1 / 5
- +

 

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:14 12.05.2025
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” мыйзам менен кабыл алынган...

Садыр Жапаров желектин сүрөтүн жерден сыйрып, чөнтөгүнө салды (видео)

Садыр Жапаров желектин сүрөтүн жерден сыйрып, чөнтөгүнө салды (видео)

Автор Эдита Ильясова
12:03 10.05.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн кагазды жерден сыйрып алып чөнтөгүнө салган видеосу тарады. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя...

Садыр Жапаров сыйлуу конокко комуз тартуу кылды

Садыр Жапаров сыйлуу конокко комуз тартуу кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:55 04.05.2025
0

Президент Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында...

Садыр Жапаров санариптик сомду ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты

Садыр Жапаров санариптик сомду ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатканын айтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
20:32 03.05.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Чолпон-Ата шаарында жолугушуу...

Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды

Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды

Автор Эдита Ильясова
12:17 30.04.2025
0

Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. 28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева өз каалоосу менен кызматын...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Назимага тийишпегиле». Бек Борбиев кара пиар уюштургандарга күрөш башталарын айтты

"Назимага тийишпегиле". Бек Борбиев кара пиар уюштургандарга күрөш башталарын айтты

14:56 14.05.2025
Тилекмат Куренов эмне үчүн сотко аксап келди? Жактоочусу жооп берди

Тилекмат Куренов эмне үчүн сотко аксап келди? Жактоочусу жооп берди

17:24 14.05.2025
Бишкекте күйөөсү тарабынан уурдалган аял бети кесилген абалда табылды

"Өзүн-өзү кескилегенби?". Бишкекте күйөөсү тарабынан уурдалган аялдын окуясы боюнча айрым жагдайлар айтылды

11:13 14.05.2025
15-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

15-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:55 14.05.2025
Тилекмат Куренов эмне үчүн сотко аксап келди? Жактоочусу жооп берди

Тилекмат Куренов эмне үчүн сотко аксап келди? Жактоочусу жооп берди

17:24 14.05.2025
Кыргызстандык окуучулар химия боюнча эл аралык олимпиадада эки коло медаль алышты

Кыргызстандык окуучулар химия боюнча эл аралык олимпиадада эки коло медаль алышты

16:33 14.05.2025

АРХИВ

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Апр    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү