Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчынын борту «Пулково» эл аралык аэропортуна конду.
Садыр Жапаровду Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Мамлекет башчысы Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.