Күн мурун депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу өзүнүн пикирин билдирген. Анда депутат бир катар дооматтарды келтирген. “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул боюнча өлкө башчысынын пикирин укту.
— Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча акыркы билдирүүсүн көрдүңүзбү? Чындап эле чек ара келишиминде ал айткан кемчиликтер барбы?
— Албетте көрдүм, толук уктум. Демагогия, жалаң демагогия. Бул киши үч күндө пикирин алмаштырып башкача сүйлөп чыкканы түшүнүксүз. Эмнеге минтти изилдеп көрүшүбүз керек. Бул киши баарын билет, түшүнөт, беш колундай билет. Бирок эмнегедир башка дагы көп маселелерде билмексен болуп эле провокация жасай бергенин байкап жүрөм.