Бейшемби, 23.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Шакиев WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземине катышты

12:47 20.02.2024
0
Шакиев WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземине катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземине катышты.

Ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясы боюнча кесиптик лицейлерде жана колледждерде окуган окуучулар арасында өтө турган сынак эки күнгө созулат. Сынактын жеңүүчүлөрү ушул жылдын сентябрь айында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Аземде билим берүү жаатындагы өзгөрүүлөргө токтолгон Нурланбек Шакиев: “Азыркы ааламдашкан доор илимдин жаңы багыттарын ачып, билим берүү тармагына жаңы талаптарды коюуда. Буга Ала-Тоодо туруп, интернеттин жардамы менен океандын ары жагында иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн эле мисал кылсак болот. Андыктан, кесиптик лицейлерди жана колледждерди реформалап, кыска убакыт аралыгында заманбап технологияларды мыкты өздөштүргөн адистерди таптап чыгарууга басым жасашыбыз керек”, – деди. Ошондой эле ал дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө суроо-талап жогору экенин айтты. “Акыркы учурда өлкөбүздө жеңил өнөр жайы, курулуш, тейлөө, кызмат көрсөтүү өңдүү тармактарда жумушчуларга муктаждык чоң”, – деди төрага.

Ага ылайык, өткөрүлө турган WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионаты жаштарды шыктандырып, адистер арасында атаандаштыкты күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеген Нурланбек Шакиев: “Биздин кесиптик лицейлердин жаштарды ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясынан тышкары башка адистиктерге да окутуп, үйрөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ага ылайык, лицейлерде окутулган башка кесиптер боюнча да сынактар өтүп, алардын жеңүүчүлөрү эл аралык мелдештерге катышат деген ишеничтемин. Анткени, бизде таланттуу жаштар арбын. Биз алардын потенциалын жогорулатып, шык-жөндөмүн арттыруу менен гана билимдүү коомду жарата алабыз. Ал эми бакубат, өнүккөн өлкө билимдүү коом менен курулат”, – деди.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун жана башка керектүү демилгелердин бардыгын колдой тургандыгын айткан төрага аталган тармак ар дайым артыкчылыкка ээ экенин белгиледи. Андан тышкары, Нурланбек Шакиев WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын катышуучуларына ийгиликтерди каалап, тандалып чыккан чемпиондор эл аралык сынактан да байгелүү кайтарына ишенерин билдирди.

Маалымат үчүн: WorldSkills International – эл аралык ассоциация катары жумушчу кесиптерди өнүктүрүү, кесиптик даярдоонун макамын жогорулатуу максатында бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүп келет. Аталган мелдешке быйыл Кыргызстан алгач ирет катышууда.

 

1 / 4
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча депутат Жумабеков дипломаттык түрдө чечүүнү талап кылды

Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча депутат Жумабеков дипломаттык түрдө чечүүнү талап кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:08 22.04.2026
0

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык-экономикалык багыттагы актуалдуу маселелер козголду. Депутат Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Түрк «Манас» университетине байланыштуу жагдайды көтөрүп, окуу...

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев ант берди

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев ант берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:03 22.04.2026
0

Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Жеенчороевдин ант берүү аземи болуп өттү. Белгилей кетсек, ал...

46дан 22ге кыскарды: Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана сый акылар жөнүндө мыйзамга кол койду

46дан 22ге кыскарды: Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар жана сый акылар жөнүндө мыйзамга кол койду

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:16 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзамдын...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кулов ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар боюнча өз пикирин билдирди

Кулов ИИМ менен УКМКнын ортосундагы окуялар боюнча өз пикирин билдирди

09:07 22.04.2026
Мамлекеттик катчы: «Алымбек датканын уулу Камчыбектин үйүн музейге айлантуу керек»

Мамлекеттик катчы: "Алымбек датканын уулу Камчыбектин үйүн музейге айлантуу керек"

09:42 22.04.2026
Милиция Ак-Ордодогу мыйзамсыз делген үйлөрдү бузуу боюнча маалымат берди

Милиция Ак-Ордодогу мыйзамсыз делген үйлөрдү бузуу боюнча маалымат берди

08:57 22.04.2026
Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

17:12 22.04.2026
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 103 жашында дүйнөдөн кайтты

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 103 жашында дүйнөдөн кайтты

15:46 22.04.2026
Европалык айдоочулук сертификатын алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат

Европалык айдоочулук сертификатын алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат

15:34 22.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү