Кечээ, 12-мартта “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон анын өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышкан.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозовдун айтымында, этномаданий программа менен таанышуу учурунда Тажикстанстандын президенти Эмомали Рахмонго эстеликке белек тартууланды.
«Иш-чаранын алкагында комуз чапкан чебер уста Тажикстандын лидерине эки элдин биримдигинин жана достугунун белгиси катары улуттук музыкалык аспапты белекке берди», — деп айтылат маалыматта.