Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жайыл районундагы иш сапарынын алкагында Новониколаевка инновациялык орто мектебинен кабар алды. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Алсак, аталган билим берүү мекемеси эки корпустан туруп, анын бири 1960-жылы курулса, экинчиси 1983-жылы пайдаланууга берилген. Жалпы 975 окуучуга ылайыкташтырылганы менен азыркы тапта 2500дөн ашуун окуучу билим алат. Андыктан, кошумча жаңы окуу корпусуна муктаж. Ага ылайык, 600 орундуу имарат куруу мерчемделүүдө.
Мугалимдер менен баарлашкан Нурланбек Шакиев акыркы жылдары билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, айрыкча мектептердин курулушу жигердүү жүрүп жатканына токтолду. Муну менен катар агартуучулардын маянасы көтөрүлгөнү менен бул дагы жетишсиз экенин белгилеп, жакынкы аралыкта айлык маселеси дагы караларын кошумчалады.
Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондоруна иш сапары менен барды. Сапардын алкагында аймактагы социалдык мекемелердин абалы менен жеринде таанышып, айрым өндүрүштүк ишканалардын ишмердүүлүгүнөн кабар алат.
Ал эми иш сапарды спикердин орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутат Карим Ханджеза, билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, финансы министринин орун басары Руслан Суйналиев, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев баштаган Министрлер кабинетинин тармактык өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери коштоп жүрөт.
Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту. Алгач эки парламенттин төрагалары ардактуу кароол тизилген аянтта...
Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Монголия мамлекетиндеги расмий сапары башталды. Аны Улан-Батор шаарындагы «Чыңгыз хан» аба майданынан Монголиянын...
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголияга расмий сапар менен жөнөп кетти. Расмий сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух,...
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кадам медиага" маек берип, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер боюнча суроолорго жооп берди. - Камчыбек Кыдыршаевич, түштүк...
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кадам медиага" маек берип, Жогорку Кеңештин депутаттарына байланыштуу суроолорго жооп берди. - Жогорку Кеңештин бир топ...