Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Корея Республикасындагы расмий иш сапарын Кемёнг университетинде улантып, парламенттик делегация мүчөлөрү менен бирге 1899-жылы негизделген окуу жайды көрүп чыкты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Билим берүү мекемесинин жетекчилери жана окутуучулары менен жолугушуп, баарлашкан Нурланбек Шакиев Кореянын заманбап билим берүү жаатындагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. Муну менен катар төрага баштаган делегация Кемёнг университетинин алдындагы “Донгсан” медициналык борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышты. Ал ооруканага Кыргызстандан да дарыгерлер тажрыйба алмашууга барып, кээде бейтаптар да дарыланып келет.
Борбордун жамааты менен жолугушууда Нурланбек Шакиев Корея мамлекети алдыңкы технологиялык өндүрүштөрү менен гана өзгөчөлөнбөстөн, акыркы мезгилдери сапаттуу медициналык тейлөөсү менен да таанылып жатканына токтолду. “Андыктан калыптанган алакаларды арттырып, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүбүз кажет”, – деди. Өз кезегинде “Донгсан” медициналык борборунун директору Хван Джесок эки элдин байланышы 30 жылды гана камтыбастыгын айтып: “Кыргыз-корей калкынын тарыхый байланышы терең. Бири-бирибизден алыс жайгашканыбызга карабай, бизди Улуу Жибек жолу жана түпкү тамырыбыз жакындатып турат”, – деп кошумчалады.
Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германия Федеративдүү Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти...
Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык...
Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Жээнчороев Мирлан Канатбековичке № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...
Кечээ, 15-апрелде төрага Марлен Маматалиев Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Стамбул шаарында уюштурулган жолугушууда эки...