Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу жакын арада шайлоо болбой тургандыгын ырастады.
«Күзүндө шайлоо болот, парламент тарайт деген кептер куру сөз. Шайлоо кийинки жылы өз убагында өтөт. Парламенттик шайлоо дагы, президенттик шайлоо дагы өз маалында болот. Буюрса кыргыз эли үчүн бүгүнкү XII чакырылыштын парламенти дагы 1,5 жылдан ашык кызмат кылат”, — деди.