Токмок шаарынын мэри болуп Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев шайланды. Мындай чечим бүгүн, 26-августта Токмок шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынында кабыл алынды.
Токмоктун мэрлигине эки талапкер ат салышты — Урматбек Самаев менен Азат Кубатбек уулу.
Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция добуш берүүгө эки саат кечигип келишти. Бирок шайлоо өттү. Жыйынтыгында, Токмок шаардык кеңешинин 31 депутатынын 19у Урматбек Самаевге добуш беришти.