Кыргызстандык балбан Афтандил Таалайбек уулу Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Ал 63 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти чейрек финал баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде кыргызстандык спортчу Япониянын өкүлүн жеңип, жарым финалда Түркмөнстандын балбанынан 10:0 ири эсебинде жеңди.











