Бүгүн, 2-мартта Албаниянын Тирана шаарында өткөн рейтингдик турнирдин финалында Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде АКШлык балбан менен күч сынашты. Кыргызстандык кыз 1/8 финал баскычынан баштап, Кытай, Италия жана Украинанын өкүлдөрүн жеңип келген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











