Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Иорданияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыкты.
Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштады. Кыргызстандык кыздын биринчи атаандашы Кытайдан келген спортчу болду. Медет кызы аны 3:0 эсебинде жеңип алды.
Жарым финалда кыргызстандык спортчу Түндүк Кореянын өкүлүн жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттеште Медет кызынын атаандашы индиялык Ритика болмокчу.
Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.