Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Сауд Арабияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында алтын медаль тагынды.
Кыргызстандык спортчу чейрек финалда казакстандык Эльмира Сыздыкованы 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалда Медет кызы түркиялык спортчу Эльмира Ясинди жеңип, финалга өттү. Алтын медаль үчүн болгон беттеште Айпери нигериялык Дамола Ожону мөөнөтүнөн мурда жеңип, биринчи орунду ээледи.
Кыргызстандык 4 спортчу бул оюндарда алтын медаль жеңишти.






