Социалдык тармактарда балбан Айсулуу Тыныбекова менен жолдошунун тойдогу видеосу тарады.
Видео кечээ, 18-декабрда Олимпиаданын коло медалынын ээси Үзүр Жузупбековдун үйлөнүү тоюнда тартылган.
Тыныбекова буга чейин социалдык тармактагы баракчасына жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, «Негизи мен ар дайым бактылуулук тынчтыкты сүйөт деп ишенип, жеке жашоону коомчулукка алып чыкпоону туура көрчүмүн. Бирок азыр жашоомдун жаңы баракчаларын ачып, колдоп, мени дүйнөдөгү эң бактылуу кылган адамды көрсөтүүгө мезгил келгенин сезип турам. Ар бир кыз бактылуу болууга милдеттүүбүз» деп жазган ал.