Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган «Келечек» жаштар турнири аяктады. Ага жалпысынан ар тармактагы 35 жашка чейинки кызматкерлерден түзүлгөн 8 команда (мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, мугалимдер, журналисттер, өнөр адамдары, блогерлер жана ишкерлер) катышты.
1-орунга «Дарыгерлер» командасы 2:1 эсебинде «Журналисттер» командасын жеңип байгелүү орунга ээ болду. 3-орун үчүн «Мамлекеттик кызматкерлер» командасы менен «Өнөр» командасы ат салышып, аталган орун «Өнөр» командасы камсыздай алды.
Жалпы байге фонду:
1-орун “Дарыгерлер” командасы 50 миң сом;
2-орун “Журналисттер” командасы 30 миң сом;
3-орун «Өнөр» командасы 20 миң сом;
4-орун «Мамлекеттик кызматкерлер» командасы 10 миң сом.
Мындан төмөндөгүдөй наамдар берилди:
«Мыкты оюнчу»- Мирлан Кубанычбеков («Дарыгерлер» командасы);
«Мыкты бомбардир» — Бекболсун Молдояр уулу («Блогерлер» командасы);
«Мыкты дарбазачы» — Азат Сагынов («Мамлекеттик кызматкерлер» командасы);
«Мыкты коргоочу» — Адилет Султаналиев («Өнөр» командасы);
«Мыкты күйөрман» — Темирлан Ишенов.
Турнир Бишкек шаарында кечээ, 5-мартта «Газпром» ден соолукту чыңдоо борборунда өттү.