Балбан Акжол Махмудов Сауд Арабияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында алтын медаль тагынды. Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 77 кг салмакта катышкан.
Кыргызстандык спортчу алгач Тунистин өкүлү Сами Сламаны 9:0гө жеңип, андан соң Египеттик балбан Йехья Абделькадерди утуп алды. Финалга чыгуу үчүн болгон кармашта Махмудов Катар үчүн ат салышкан ирандык спортчу Шахин Бадагимофраддан жеңишти тартып алган эле.
Финалда кыргызстандык спортчу Ирандын дагы бир өкүлү Абди Амир менен беттешип, Махмудов аны утуп, алтын медалга ээ болду.






