АКШ курама командасы чуулгандуу окуядан кийин Дүйнө чемпионатынан четтеп калды
АКШ курама командасы өз оюнчусунун дисквалификациясына байланышкан чуулгандуу окуядан кийин Дүйнө чемпионатынан четтеп калды. Америкалыктар 1/8 финалда Бельгияга 1:4 эсебинде утулуп, турнирден чыккан үч кожоюн команданын акыркысы болду. Беттеш Сиэтл шаарында өттү.
Оюн АКШ курама командасынын негизги оюнчусу, чабуулчу Фоларин Балогундун кечиктирилген дискваликациясына байланышкан чырдын фонунда өттү. Ал 1/16 финалда Босния жана Герцеговинага каршы оюнда кызыл карточка алып, кийинки беттешти өткөрүп жибериши керек болчу. Бирок Бельгияга каршы оюнга бир нече күн калганда ФИФА дисквалификацияны убактылуу токтотконун жарыялаган.
Кийин Дональд Трамп журналисттерге өзү ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, калыстардын чечимин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаганын билдирген. АКШ президенти басма сөзгө берген маегинде Балогун алган кызыл карточкага себеп болгон эреже бузуу фол эмес деп эсептей турганын айткан. Ошондой эле мындай чечим кабыл алган калысты «бир аз шектүү фигура» деп атаган.
АКШга каршы оюн алдында Бельгия курама командасынын башкы машыктыруучусу Руди Гарсия анын командасы улуттук намысты гана эмес, «футболдун өзүн, анын этикалык принциптерин жана адилеттүүлүгүн» коргой турганын билдирген. Чейрек финалда бельгиялыктар буга чейин Португалияны 1:0 эсебинде жеңген Испания менен беттешет.