Abank_oct
SerepTV Logo

Акжол Махмудов Азия оюндарынын коло медаль ээси

Акжол Махмудов Азия оюндарынын коло медаль ээси
 
Бүгүн, 1-октябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Кыргызстандык спортсмен Акжол Махмудов 77 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло байгеге ээ болду. Ал алгачкы беттешинде япониялык спортсмен Нао Кусакага жеңилип калган. Кусаканын финалга чыгышына байланыштуу мелдештин эрежелерине ылайык, Акжол Махмудов көңүл жубатуучу беттешке катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Көңүл жубатуучу беттеште Акжол Махмудов Казакстандын өкүлү Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде ири айырма менен жеңип, коло медаль үчүн беттешүүгө жолдомо алган. Коло медаль үчүн беттеште Кытайдын өкүлү Руи Лю менен күч сынашып, 9:0 эсебинде убактысынан эрте ишенимдүү жеңди.
SEREP MEDIA