Кыргызстан-Катар беттешинде атаандашынын дарбазасына 81-мүнөттө 2-голду киргизген Александр Мищенко аталган голду болочоктогу баласына арнады. Бул тууралуу спортчу менен жубайы социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышты.
«Биз сиздер менен кубанычтуу жаңылыгыбызды бөлүшкүбүз келип турат. Катардын дарбазасына киргизилген гол биздин болочок балабызга арналды. Бул жаңылыкты көпкө жашырдык, убагы келди деп айтып жатабыз», — деп жазды жубайы.
Мищенко 2024-жылдын 6-июлунда жубайынын колун сурап, түгөйлөр 17-сентябрда баш кошушкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram