Англия, Бельгия жана АКШ 1\8 финалда
Дүйнө Чемпиондугунун 1/6 финалдык баскычынын кезектеги оюндары өттү. Анда кийинки баскычка өткөн дагы 3 курама команда аныкталды.
Англия – Конго Демократиялык Республикасы беттеши 2:1 деген эсеп менен аяктады. Гарри Кейндин 2 голу англиялыктарды алдыга алып чыкты. 1/8 финалда Англия Мексика менен беттешет.
Кийинки беттештер Бельгия менен Сенегал курама командаларынын ортосунда өттү. Командалар негизги убакытта тең чыгып, кошумча убакытта Бельгия эсепти 3:2 кылып, Дүйнө Чемпиондугунун 1/8 финалдык баскычына чыкты.
Бельгия 1/8 раундда АКШ менен кез келет. Анткени АКШ Босния жана Герцеговина курама командаларынын беттеши үй ээлеринин пайдасына чечилди. Эсеп 2:0.