SerepTV Logo

ДКО-2026: Аркан тартыш боюнча мелдештин жыйынтыгы

ДКО-2026: Аркан тартыш боюнча мелдештин жыйынтыгы
 
2-4-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунун Спорт ордосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аркан тартыш боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Мелдешке 13 мамлекеттен 13 команда катышты. Эркектер арасындагы абсолюттук салмак категориясында спортчулар 1×1, 4×4 жана 8×8 форматтарында күч сынашты.

1×1 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:
1-орун — Казакстан, 50000 сом
2-орун — Кыргызстан, 40000 сом
3-орун — Пакистан, 30000 сом

4×4 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:
1-орун — Казакстан, 100000 сом
2-орун — Иран, 80000 сом
3-орун — Кыргызстан, 60000 сом

8×8 форматындагы мелдештин жыйынтыгы:
1-орун — Казакстан, 150000 сом
2-орун — Кыргызстан, 130000 сом
3-орун — Пакистан, 100000 сом

Кошумча маалымат: Аркан тартыш - дүйнө элдеринин мелдеши. Мелдештер 3 багыт боюнча өткөрүлөт:
– 1х1 жеке жолугушуулар;
– 4х4 кишиден турган командалар арасында;
– 8х8 кишиден турган командалар арасында.
SEREP MEDIA