Асан Жанышов Азия оюндарынын финалына чыкты
Бүгүн, 30-сентябрда Япониянын Нагоя шаарында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов 87 кг чейинки салмак чен бирдигинде Азия оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Кыргызстандык балбан мелдешти чейрек финалдан баштап, өзбекстандык Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде ишенимдүү жеңип алды. Жарым финалда Асан Жанышов Казакстандын өкүлү Шамиль Ожаев менен күч сынашты. Кармаштын жыйынтыгында кыргыз спортчусу 6:1 эсебинде жеңишке жетип, финалга жолдомо алды. Ал эмич чечүүчү беттеште Асан Жанышов Япониянын өкүлү Тайзо Ёшида менен алтын медаль үчүн күрөшөт.