Азия оюндары-2026: Кубанычбек Айбек уулу коло медалдын ээси
Бүгүн, 29-сентябрда кураш боюнча Кыргызстандын спортсмени Кубанычбек Айбек уулу (66 кг чейин) Азия оюндарында коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Алгачкы беттешинде кыргызстандык спортсмен Ооганстандын өкүлү Чекмар Меражуддинди 3:0 эсебинде, чейрек финалда Түштүк Кореянын өкүлү Юн Хуенсуну 10:0 эсебинде уткан. Жарым финалдык беттеште ирандык Вахид Бариманлоуго 0:3эсебинде утулуп, үчүнчү орунду ээледи