Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда балбан Ырыскелди Максатбек уулу коло байге жеңди.
Ал 77 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп алгач 1/8 финалда тажикстандык атаандашын 8:0 эсебинде утуп алса, кийинки баскычта Түркмөн балбаны Хаким Гурбанмурадовду 10:2 эсебинде уткан. Бирок жарым финалда ирандык атаандашына 4:3 эсебинде жеңилип калган. Коло үчүн болгон беттеште тайбэйлик балбанды жеңди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram