Бекзат Алмаз уулу Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.
57 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Париж Олимп оюндарында 3-орун үчүн болгон кармашта жеңилген өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 8:0 эсебинде утуп, реванш алды.
Финалда Бекзат Алмаз уулу 1-орун үчүн Түндүк Кореянын балбаны Чонгсон Хан менен кармашат.












