Кыргызстандык спортчу Билол Шарип уулу Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Ал 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Билол Шарип уулу АКШ, Грузия жана Казакстандын балбандарын утуп, жарым финалга чейин жеткен. Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта ал өзбекстандык балбанга утулуп калган. Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Азербайжандын балбанын 1 мүнөт 57 секунддун ичинде 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип коло байгенин ээси болду.












