25-февралда Тирана шаарында (Албания) спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 аттуу экинчи рейтингдик турнир башталды. Мелдешти 57, 61, 65, 70 жана 74 килограмм салмак категорияларында эркин күрөш боюнча балбандар ачышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Биринчи мелдеш күнүндө Кыргызстандан сегиз спортчу килемге чыкты. Жыйынтыгында улуттук курама команда үч медаль жеңип алды. 70 килограмм чейинки салмак категориясында Эрназар Акматалиев чемпион аталды. 74 килограмм чейинки салмакта Орозобек Токтомамбетов күмүш медалга ээ болду. 70 чейинки килограмм категориясында Залкарбек Табалдиев коло медаль тагынды.
Ошентип, Кыргызстандын курама командасынын эсебинде бир алтын, бир күмүш жана бир коло медаль бар.
Бүгүн, 26-февралда мелдеш 79, 92, 97 жана 125 килограмм салмак категорияларында уланат. Кыргызстандык спортчулардан Адилет Маратбаев (79 килограмм ) жана Яков Чаплин (92 килограмм ) килемге чыгышат. Мындан тышкары, кыз-келиндер күрөшү боюнча 50 жана 55 килограмм салмак категорияларында таймаштар башталат. Бул салмактарда кыргызстандык спортсмендер катышпайт.






