8-9-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Аталган мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген жалпы 186 спортчу күч сынашты. Жеңүүчүлөргө министрликке караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан медаль жана дипломдор тапшырылды.