Кечээ, 6-апрелде Бишкек шаарындагы Жаштык Арена спорттук комплексинде күрөш боюнча Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Турнир 6-апрелден 12-апрелге чейин өтүп, континенттин эң күчтүү спортчуларын бириктирет. Мелдешке болжол менен 350 балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат. Чемпионатка Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран, Япония, Кытай, Монголия жана күрөш боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн спортчулары катышууда. Жалпысынан 25 мамлекеттин өкүлдөрү күч сынашууда.
Мелдештер үч түр боюнча өтүүдө: грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү. Программага ылайык, 6-8-апрелде грек-рим күрөшү, 8-10-апрелде кыз-келиндер күрөшү, ал эми 10-12-апрелде эркин күрөш боюнча таймаштар өткөрүлөт.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын курамында 29 спортчу бар: алардын 10у грек-рим күрөшү боюнча, 9у кыз-келиндер күрөшү боюнча жана 10у эркин күрөш боюнча күч сынашат.











