23-февралга караган түнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында орусиялык эки мушкер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосунда жеңил салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн титулдук реванш беттеши өттү. Бивол Бетербиевди калыстардын көпчүлүк добушу менен (114-114, 116-112, 115-113) жеңип, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамын алды.
«Беттештен кийин мен ага барып «Артур, мен сени абдан сыйлайм. Мен жаш кезимде, улуттук курама командага келгенде, сенден үлгү алчумун. Колуңду кысып, күрөш үчүн рахмат айткым келет. Кол алышып учураштык» деп айттым. Ал дагы «Оюн үчүн рахмат. Бул спорт. Сен дагы мыкты мушкерсиң» деди. Анан дагы бир жолу сүйлөштүк, ал «мен азыр колуңду кыспайм, анткени биз үчүнчү беттешке, дагы реваншка чыгабыз» деп айтты. Ал текеберленбей, сый-урмат менен айтты. Мен да «көйгөй жок» деп жооп бердим», — деди Бивол пресс-конференцияда.