23-февралга караган түнү Сауд Арабияда орусиялык эки мушкер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосунда жеңил салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн титулдук реванш беттеши өттү. Бивол Бетербиевди калыстардын көпчүлүк добушу менен жеңип, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамын алды.
Беттештен кийин Бивол токмоктуктар аны кантип колдогону боюнча видео жарыялап, «рахмат» деп жазды.










