Бокс боюнча улуттук курама Таиландда өткөн Азия чемпиондугунда 2 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.
60 килограммга чейинки салмакта Рыспек Бектенов жана 63,5 килограммга чейинки салмак категориясында Мирзохид Имамназаров 3-орунду ээлешти.
Азия чемпиондугунда 21 өлкөдөн 210 мушкер катышып, эркектер арасында 13 жана кыз-келиндер арасында 12 медалдар топтому ойнотулду. Кыргызстандын курама командасы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.