Abank_oct
SerepTV Logo

Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын чемпионатында Кыргызстандын курама командасы тарыхтагы алгачкы алтын медалды жеңди

Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын чемпионатында Кыргызстандын курама командасы тарыхтагы алгачкы алтын медалды жеңди
Кечээ, 19-сентябрь күнү Кыргызстандын U-17 айымдар курама командасы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын - CAFA U-17 Women’s Championship эл аралык мелдешинде 3 турдук беттешти өткөрдү. Бул жыйынтыктоочу тур алкагында курама командабыз Тажикстанга каршы кез келип, 2-0 эсебинде жеңишке жетти. Голдордун авторлору - Перизат Заирбекова (17’), Акак Ишембиева (74’).

Ташкент шаарында орун алган бул мелдешке Кыргызстан менен Ирандан сырткары Тажикстан жана Өзбекстан курама командалары катышты. Буга чейинки эки турда, курамабыз 2-1 эсебинде Иранды жеңген жана 0-0 эсеби менен Өзбекстан менен тең чыккан. Ошентип, курама командабыз 7 упай менен (Иран - 6 упай, Өзбекстан - 4 упай, Тажикстан - 0 упай) турнирдик жадыбалдын сап башында болуп, Кыргызстан курама командалардын тарыхында Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын алгачкы алтын медалдарын жеңди.
 
SEREP MEDIA