20-февралда Чеченстанда өткөн эрежесиз эр уруш боюнча ACA Young Еagles Гран-при мелдешинин жарым жеңил салмагынын 1/8 финалында таң каларлык окуя болуп өттү.
Анда чечен мушкери Шадид Абдурзаков менен кыргызстандык мушкер Адилет Нурматов кез келген. Беттеш 5 мүнөттөн 3 раундга созулган. Анда кыргызстандык мушкер өзүнүн мыкты чеберчилигин көрсөткөн. Бирок калыстар тобу жеңишти Шадид Абдурзаковго ыйгарган. Бул учурда чечен мушкери чечимге макул болбой жеңүүчү катары атаандашын көрсөтүп, калыстардын оюн өзгөртүүгө түрткү болду. Белгилей кетчү жагдай, беттештин жеңүүчүсү деп бардык тарап кыргызстандык мушкерди элестетишкен. Эфир аркылуу берилип жатканда спорт баяндамачылары куттуктап, андан сырткары жыйынтыкты айтып жаткан учурда беттештин башкы калысы дагы алгач Адилет Нурматовдун колун көтөргөн. Кийин калыстар тобу жеңишти кыргыз мушкерине ыйгарышты.
Бул окуя интернет айдыңында кызуу талкууга алынып, колдонуучулар чечен мушкерин «Чечен мушкеринин татыктуу кадамы!», «Чечен спортчусуна урмат-сый!», «Чыныгы эркек!» деген пикирлерин айтышууда.