Бүгүн, 19-мартта УЕФА Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жана жарым финалынын жуптарын тактоочу чүчүкулак болуп өттү.
Чүчүкулактын жыйынтыгы менен командалар төмөнкүдөй тартипте ойношмой болду:
1/4 финалдык оюндар:
Манчестер Сити (Англия) – Боруссия Д (Германия)
Порту (Португалия) – Челси (Англия)
Бавария (Германия) — ПСЖ (Франция)
Реал Мадрид (Испания) – Ливерпуль (Англия)
Ал эми жарым финалдык оюндарда Бавария — ПСЖ оюнунун жеңүүчүсү менен Манчестер Сити – Боруссия Дортмунд беттешинин жеңүүчүсү кез келет.
Экинчи жуп болсо, Реал Мадрид – Ливерпуль беттешинин жеңүүчүсү Порту – Челси оюнунун жеңүүчүсү менен ойнойт.