УЕФА Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттештери 10-мартка караган түнү башталат. Анда туриндик «Ювентус» клубу өз үйүндө португалиялык «Порту» клубун кабыл алат. Буга чейин биринчи оюнда «Порту» «Ювентусту» 2:1 эсебинде жеңип алган.
Ал эми бул түндүн экинчи беттеши дортмунддук «Боруссия» менен «Севилья» клубунун ортосунда болот. Биринчи оюнда «Севилья» «Боруссияга» 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.