Бейшемби, 22.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР СПОРТ

Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылында “Достук Арена” стадионунун ачылыш аземи өттү

08:38 27.04.2025
0
Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылында “Достук Арена” стадионунун ачылыш аземи өттү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы “Достук Арена” стадионунун ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы жаңы спорттук объекттин инфраструктурасы менен таанышып, машыгуу залын, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү жана административдик имараттарды көрүп чыкты. Садыр Жапаров өз сөзүндө самаалыктын символикалуулугун баса белгиледи: айыл жергесинде 2500 адамды батыра турган заманбап стадион пайда болду. Ал ушул стадион эгемен Кыргызстандын тарыхында алгач ирет жерпайынан чатырына чейин жаңы курулган объект болгонун баса белгиледи.

Президент бул жер бир канча жыл мурда тебеленип жаткан жөн гана талаа болгонун, анда жаш футбол сүйүүчүлөр чогулуп, мелдештер өтүп жүргөнүн эске салды. Бара-бара алардын ынтызарлыгы жана өжөрлүгү менен айылда азыр өлкөнүн премьер-лигасында ойноп жаткан “Талант” командасы пайда болду. «Бүгүнкү күндө «Достук Арена» өз эмгеги жана тырышчаактыгы менен күйөрмандардын сый-урматына ээ болгон «Талант» командасынын жаңы оюн талаасына айланууда», — деди Садыр Жапаров.

Ал өткөн жылдын март айынан тарта жаңы стадиондун курулушуна өзү көз салып турганын белгиледи. Жаңы объектте футболчулар жана күйөрмандар үчүн бардык шарттар каралган: табигый жана жасалма көк майсаң чөп оюн талаасы, оюнчуларга ылайыкталган жатакана, тамактануу жайы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, административдик бөлмөлөр, фитнес зал, медиа, расмий өкүлдөр жана VAR-системасы үчүн дагы бөлмөлөр орун алды. Мамлекет башчысы өлкө элдеринин ортосундагы достук, биримдик жана ынтымак үчүн стадионго “Достук Арена” атын берүү демилгеси Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиевге таандык экенин белгиледи.

Президент ошондой эле 2023-жылы “2034-жылга чейин Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун жана Улуттук футболду өнүктүрүү программасын кабыл алганын эскертти. Бул чечимдердин аркасында өлкөбүздө спорттук инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр башталды: 17 стадионду калыбына келтирүү иштери башталып, жалпысы 5 миллиард 400 миллион сомдон ашуун акча каражат жумшалды. “Алардын ичинен, 10 стадион 2024-жылы ишке берилсе, калганы – Каракол, Өзгөн, Токтогул, Кара-Суу жана Бишкек шаарларындагы стадиондор жакынкы мезгилде тапшырылат. 2025-жылы дагы 15 объектте курулуш иштери башталып, анын ичинде облустук борборлор болуп эсептелинген Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларында дагы ири стадиондор салынат. Мындан тышкары Бишкекте 51 миң адамды сыйдыра турган, Орто Азиядагы эң ири «Бишкек Арена» стадиону салынууда. Анын курулушу эмдиги жылы бүтүп, Эгемендик күнүндө тапшыруу мерчемделип жатат”, — деди Садыр Жапаров.

Президент жаңы спорт инфраструктурасы кыргыз футболунун эл аралык аренада мындан аркы ийгиликтерине түрткү болоруна ишенимин билдирди. Садыр Жапаров улуттук курама команда 2027-жылы өтүүчү Азия кубогуна жолдомо утуп алганын жана 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу үчүн күрөштү улантып жатканын эске салды. “Спортту колдоо өз натыйжасын берип жатат: мындан бир ай мурда биздин курама эки жолку Азия чемпиону болгон Катар мамлекетинин курама командасын 3:1 эсеби менен жеңди. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы маанилүү окуя болуп калды”, — деди президент.

Соңунда мамлекет башчысы “Достук Арена” жаңы чемпиондор чыккан жер болуп, жаштарды жаңы спорттук ийгиликтерге шыктандырышын каалады. Ачылыш аземинен кийин Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 7-турунун алкагында “Талант” (Беш-Күнгөй) жана “Алга” (Бишкек) футболдук клубдарынын беттеши болуп, анда Садыр Жапаров катышты. Беттеш 2:1 эсебинде «Алга» командасынын пайдасына аяктады.

 

1 / 5
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Айпери Медет кызы менен Бекзат Алмаз уулу ар бири 750 миң сом менен сыйланды

Айпери Медет кызы менен Бекзат Алмаз уулу ар бири 750 миң сом менен сыйланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:26 23.12.2025
0

Кечээ, 22-декабрда Бишкек шаарындагы “Жаштык” кичи аренасында чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылышы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Хорватияда...

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын беш салмак категориясында чемпиондор аныкталды

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын беш салмак категориясында чемпиондор аныкталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:08 23.12.2025
0

Кечээ, 22-декабрда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын алкагында 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмак категориялары боюнча мелдештер...

Президенттин катышуусундагы футболдук турнирде “Аймактар” жеңүүчү болду

Президенттин катышуусундагы футболдук турнирде “Аймактар” жеңүүчү болду

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
20:24 14.12.2025
0

Бишкек шаарында 13-14-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталды. Анда биринчи орунду "Аймактар" командасы ээлеп, 400...

Президенттин катышуусунда «Мурас» достук футбол турнири башталды

Президенттин катышуусунда «Мурас» достук футбол турнири башталды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:34 13.12.2025
0

Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун катышуусунда 13-14-декабрда өтүүчү футбол боюнча "Мурас" мелдеши башталды.  Мамлекет башчысы бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, эң...

Омар Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Омар Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
09:43 12.12.2025
0

Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Омар Ливаза финалга чыкты. Ал алгач Өзбекстандык Саят Ильясовду...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

11:58 21.01.2026
Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

11:23 21.01.2026
Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

2
Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды

11:58 21.01.2026
Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

Кыргыз тилин шылдыңдаган жарандар элден кечирим сурашты

11:23 21.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү