Abank july
SerepTV Logo

Дагы бир кыргыз балбан кызы Дүйнө кубогунун финалына чыкты

Дагы бир кыргыз балбан кызы Дүйнө кубогунун финалына чыкты
Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Сербияда өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты. Ал 68 килограммга чейинки салмакта күрөшүп жатат. Алтын үчүн күрөштү бүгүн Жуманазарова чехиялык Адэла Ханзликова менен өткөрөт. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат. Бул дүйнө кубогунда буга чейин Айсулуу Тыныбекова менен Жоламан Шаршенбеков алтын байгенин ээси болушту. Дүйнө кубогунун мелдештери 18-декабрга чейин уланат.
SEREPTV