Кечээ, 25-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Катардын футбол боюнча курамалары беттешип, оюн 3:1 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.
Оюндан кийин күйөрмандардын сүрөттөрү жарыялана баштады. «Эржан байке, мен сиздин күйөрманыңызмын. Мага футболкаңызды белекке бериңизчи» деген жазуу көтөргөн баланын сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурду.