Кыргызстандык Денис Петрашов 10-15-декабрда Венгрияда өтүп жаткан кыска аралыкта сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта төртүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Сууда сүзүү спорту боюнча федерация социалдык тармактарда билдирди.
Мелдештин финалында 100 метр аралыкка брасс менен сүзүүдө Денис Петрашов 55,91 жыйынтык көрсөттү. Эми спортчу 200 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча күч сынашат.
«Ар бир кадам — олуттуу чакырык жана Денис керемет жыйынтык көргөздү! Кыргыз сууда сүзүү спорту биринчи жолу мындай бийиктикти багындырып жатат, биз абдан кубанычтабыз! Бул эмгектин артында албетте машыктыруучулар да бар», — деп жазды Суу сүзүү спорту боюнча федерациянын президенти Уланбек Акматбаев.